Салык кызматы жыл башынан бери канча каражат жыйнаганы жарыяланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча жана калькулятор. Архив
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Жыйналган салыктын 17,1 миллиард сому республикалык бюджетке, 4,64 миллиард сому жергиликтүү бюджетке түшкөн.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында (январь-март айларында) 21 миллиард 743 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Мында белгиленген пландан 1 миллиард 320 миллион сомго ашыгы менен жыйналганы белгиленет. Ал эми 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 658 миллион сомго көп чогулган.
Үч айлык салыктын 17,1 миллиард сому республикалык бюджетке, 4,64 миллиард сому жергиликтүү бюджетке түшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0