13:31 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
425 0 0

CASA-1000 — Кыргызстан менен Тажикстанды Афганистан менен Пакистанга электр тутумдары аркылуу байланыштырууга багытталган долбоор.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. CASA-1000 долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчы бүгүн, 3-апрелде, Баткен районундагы Кара-Булак айылында CASA-1000 долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышкан.

"Координацияланган аракеттерибиздин натыйжасында долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем. Ушуга байланыштуу мен мамлекеттик органдарды CASA-1000 долбооруна көңүл бурууга чакырам жана курулуш учурунда жаралган көйгөйлөрдү өз убагында чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү суранам", — деди Жапаров.

Ошондой эле президент ири суммада кредит бергендиги үчүн эл аралык банктарга терең ыраазычылыгын билдирген. Бул каржылык милдеттенмелер экспорттолгон электр энергиясынын эсебинен төлөнүп, өлкө бюджетине оорчулук келтирбей турганын белгилеген.

CASA-1000 — Кыргызстан менен Тажикстанды Афганистан менен Пакистанга электр тутумдары аркылуу байланыштырууга багытталган долбоор. Ошондой эле ал эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга арналган.

Долбоордун Кыргызстандагы курулуш иштерине Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион, Дүйнөлүк банк 45 миллион доллар жана Европанын инвестициялык банкы 70 миллион евро насыя түрүндө бөлүп берген. Калган чыгымды "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсы өзү көтөрөрү айтылган. Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард долларды түзөт.

Ал ишке киргенден кийин Кыргызстанга жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше түшөт.

Тема боюнча

Раимкулов: CASA-1000ге алынган насыя жети жылдан кийин төлөнө баштайт
Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Белгилер:
электр энергиясы, долбоор, Кыргызстан, CASA-1000 долбоору, Садыр Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ