Башкы прокуратура: "Ош" аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузулган

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОш" эл аралык аэропорту. Архив
Ош эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3,4 миллион сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура "Ош" эл аралык аэропортун реконструкциялоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аэропортто 2019-2020-жылдары ремонт иштери жүргүзүлгөн.
"Перронго жаңы материал төшөө жана байланыш тармагын жаңылап чыгуу учурунда мыйзам бузулуп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды. Тагыраагы, 2020-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын январь айына чейин "Манас" жана "Ош" аэропортторунун айрым кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тиешелүү документтери туураланбай туруп кабыл алынган", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Абактагы киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Бишкектин мурдагы вице-мэри менен УКМКнын кызматкери кармалды
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин адистерин тартуу менен жүргүзүлгөн текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3,4 миллион сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Мындан тышкары, перрондун айрым жерлериндеги асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталган.
Аталган факт Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 233-беренелерине ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") ылайык каттоого алынып, мындан аркы тергөө үчүн УКМКга өткөрүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0