Суу аз, электр энергиясын үнөмдөш керек. Марипов тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов жана вице-премьер-министр Артем Новиков жыйын учурунда
Премьер-министр Улукбек Марипов жана вице-премьер-министр Артем Новиков жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түзөт, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 миллиардга аз.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жыйында айтканын өкмөт билдирди.
Өкмөттө күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы жана 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо маселеси талкууланган.
"Биз өткөн кыштагы кемчиликтерди оңдоо менен күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүүбүз керек. Электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында башкы милдеттердин бири Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл", — деди премьер-министр.
Ошондой эле электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл экенин белгилеген. Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдарга сууну үнөмдөө максатында пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керектигин айткан.
Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түзөт, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 миллиардга аз.
Жаңылыктар түрмөгү
0