Министрлик кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга дагы 320 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКумшекер менен өсүмдүк майы дүкөндө. Архив
Кумшекер менен өсүмдүк майы дүкөндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн өсүмдүк майы менен кумшекерди сатып алып, аны элге арзан баада сатууга ниеттенип жатат.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлиги кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга 318,4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, быйылкы жылдын бюджетинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн 290,3 миллион сом, анын ичинде 220 миллиону азык-түлүк программасы боюнча каралган.
"Интервенция жана базар бааларын турукташтыруу үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдында кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын көбөйтүү милдети турат. Бул үчүн кошумча 318,4 миллион сом бөлүнүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ош базардагы азык-түлүк контейнери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Күчкө салуу менен чечилбейт. Өкмөттүн бааны чектөө саясатынын күнгөй-тескейи
Эскерте кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз, ал эми кумшекер менен 56 пайыз камсыздай алат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товарлардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.
Кыргыз өкмөтү бул азыктарды сыртка чыгарууга тыюу салган. Ошондой эле аларды чет жактан сатып алып, ички рынокто арзан баада сатууга ниеттенип жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0