17:28 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
232 0 0

70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода-экспозициялык павильон, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалы жайгашмакчы.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Silk Way ири индустриалдык паркынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоор өкмөттүн текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.

  • В Кыргызстане началось строительство индустриального парка Silk Way, для развития текстильного и швейного производства
    Кыргызстанда Silk Way ири индустриалдык паркынын курулуш иштери башталды
    © Фото / пресс-служба Silk Way
  • В Кыргызстане началось строительство индустриального парка Silk Way, для развития текстильного и швейного производства
    Долбоор өкмөттүн текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.
    © Фото / пресс-служба Silk Way
  • В Кыргызстане началось строительство индустриального парка Silk Way, для развития текстильного и швейного производства
    70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода-экспозициялык павильон, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалы жайгашмакчы.
    © Фото / пресс-служба Silk Way
  • В Кыргызстане началось строительство индустриального парка Silk Way, для развития текстильного и швейного производства
    Объект Казакстандын чек арасына жакын жерде "Манас" эл аралык аэропортунан 30 чакырым алыстыкта орун алат.
    © Фото / пресс-служба Silk Way
  • Проект строительства индустриального парка Silk Way в Кыргызстане
    Соода-көргөзмө комплексинде биринчи этапта тигүү фабрикалары салынат.
    © Фото / пресс-служба Silk Way
  • Проект строительства индустриального парка Silk Way в Кыргызстане
    Долбоорду толугу менен кыргыз ишкерлери каржылай турганы айтылды.
    © Фото / пресс-служба Silk Way
1 / 6
© Фото / пресс-служба Silk Way
Кыргызстанда Silk Way ири индустриалдык паркынын курулуш иштери башталды

70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода-экспозициялык павильон, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалы жайгашмакчы.

Объект Казакстандын чек арасына жакын жерде "Манас" эл аралык аэропортунан 30 чакырым алыстыкта орун алат.

"Соода-өндүрүш жайларын жана кампаларды жеке менчикке алууда инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилет. Алар жылуулук, суу жумуштарын уюштуруу менен "баштарын оорутпайт". Ишкерлер даяр имаратты алып иштетет", — деп айтылат маалыматта.

Соода-көргөзмө комплексинде биринчи этапта тигүү фабрикалары салынат. Долбоорду толугу менен кыргыз ишкерлери каржылай турганы айтылды. Аталган паркта иштегендерге белгилүү компания жана бренддер менен байланыш түзүүгө, маркалоо, сертификация жана жүк жеткирүү жагынан да колдоо көрсөтүлө турганы маалым болду.

Парктын аймагында сегиз негизги сектор жайгашып, жумушчулар үчүн тамактануучу жайлар, социалдык-административдик мекеме, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, бала бакча, унаа токтотуучу жайлар иштейт.

Тема боюнча

Бишкектеги колледж бир нече курулуш компаниясы менен келишим түздү. Максаты
Ишкер айымдар Токмоктогу балдар үйүнө тигүүчү өнөркана ачып берди
Белгилер:
парк, Кыргызстан, курулуш, тигүүчү, фабрика

ЭҢ МААНИЛҮҮ