04:41 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
1065 0 0

Министрлик Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф дүйнө боюнча эң төмөн экенин белгилеп, энергосекторуна тийиштүү акча түшпөй жатканын айтууда.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Экономикалык жактан негиздүү болушу үчүн электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу керек. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги Sputnik Кыргызстан жиберген сурамга берген жообунда айтылат.

Редакция "тарифти жогорулатуу боюнча эксперттердин сунушуна кандай карайсыздар?" деп сураган.

Министрлик бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф дүйнө боюнча эң төмөн экенин белгилейт. Мындан улам энергосекторду реформалоо боюнча капиталдык программага жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү өлчөмдө каражат бөлүнбөй жатканы айтылат.

"Энергетикалык компаниялардын карызы (кредит, ссуда) дээрлик 129 миллиард сомду түзөт. Деген менен электр энергиясын өндүрүүдөн азыркы тариф менен түшкөн каражат, кредит төлөө жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарынан аз болуп, ордун жаппай калууда. Мындан улам чыгымдарды оптимизациялоо муктаждыгы жаралды. Болбосо тынбай чыгымдарды кыскартуунун, оңдоо иштерине жана капиталдык салымдарга каражаттын бөлүнбөй калышынын кесепети тиет. Авария жана өчүрүүлөр көбөйүшү мүмкүн", — деп билдирди министрлик.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекет электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн эки сомдон ашыгыраак чыгымга учурап жатканы белгиленди.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги тариф адилеттүү жана экономикалык жактан негиздүү болушу керек деп эсептейт.

"Буга байланыштуу азыркы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты кайра карап чыгуу максатка ылайык. Калктын муктаж катмары үчүн социалдык тариф, калгандарына экономикалык негиздүү тарифти колдонуу шарт", — деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле учурда орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип жатканы, жакынкы күндөрү коомчулукка жарыяланары белгилүү болду.

Тема боюнча

Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек
Токтогулда суу кооптуу чекке жетти. Өкмөт ички керектөөнү азайтмакчы
Белгилер:
Энергетика жана өнөр жай министрлиги, компания, карыз, тариф, электр энергиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ