07:42 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектердин баасын мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу идеясын жалпысынан колдошкон. Бирок аны баскыч-баскычы менен ишке ашыруу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана ата мекендик дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Новиков рыноктогу фармацевтикалык дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана маанилүү дары-дармектерге карата бааны мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу зарылдыгын белгилеген.

"Жогорку кирешелүү фармацевтикалык рынокто бардыгы эле эреже боюнча иш алып барбасы түшүнүктүү. Максималдуу киреше алууга умтулган күңүрт схема боюнча иштөөгө аракеттенген белгилүү ташуучулар бар. Мындай фактылар болбосо жарандар Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата баалардын ажырымына нааразы болушмак эмес. Бул нерсе рецепттик дармектерге гана тийиштүү эмес", — деди Новиков.

Ал ошондой эле дарылардын баасына таасир эткен дагы бир факторду атады.

"Көптөгөн өндүрүүчүлөр рыноктун кичи көлөмүнө байланыштуу дары-дармектерди Кыргызстанда каттоого кызыкпайт, бул дары-дармектердин баасына өз таасирин тийгизүүдө. Дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоо боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, Европа, Россия жана башка өлкөлөрдөгү жүгүртүүдөгү дары-дармектерди таануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү зарыл болуп турат. Буга катар рыноктогу фармацевтикалык дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүп, маанилүү дарылардын баасына мамлекеттик жөнгө салуу системасын киргизүү керек", — деди Новиков.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектердин баасын мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу идеясын жалпысынан колдошкон.

"Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө пайдаланылат. Бирок биздин өлкөдө мамлекеттик жөнгө салуу механизмин баскычтуу түрдө ишке киргизүү керек. Себеби рынок кичинекей жана ал толук кандуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилишине даяр эмес. Биз бул маселени талкуулоого даярбыз. Ал үчүн ченемдик-укуктук актыларды талапка ылайык келтирүү керек", — дешкен фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү.

Новиков эки жума ичинде дары-дармектерди киргизүү боюнча, ата мекендик жана чет элдик дармектерди каттоо жана кайра каттоого алуу мөөнөтүн кыскартууга тийиштүү, каттоо досьесине өзгөртүү чектеринин критерийлерин иштеп чыгуу боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Департаменттин ишин оптималдаштыруу жана андагы санариптештирүү процессин тездетүү, дарыканалардагы тартыштыктарды болтурбоо үчүн коронавирус инфекциясына каршы дармектердин ар бир ай боюнча муктаждыктар графигин түзүү, ошондой эле ата мекендик фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоо тапшырмасын берди.

Тема боюнча

Новиков: чектөө кирбейт, бирок санитардык көзөмөл күчөтүлөт
Белгилер:
баалар, дары-дармек, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ