13:45 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2700)
73 0 0

Каражаттын бир бөлүгү айылдардагы алгачкы медициналык жардамга жана гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга жумшалат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 17 миллион доллар алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каражаттын жарымы (8,5 миллион доллар) кредит, жарымы грант түрүндө берилери айтылат. Долбоор "Үчүнчү айылдык инвестициялар долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (COVID-19 менен күрөшүү)" деп аталат.

Насыя алуу боюнча келишимге экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.

Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө (экономикалык инфраструктуранын объектилерин каржылоо, киреше алып келүүчү долбоорлор) жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардамга, ошондой эле гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2700)

Тема боюнча

Өкмөт быйыл дыйкандарга 314 млн. сом жеңилдетилген насыя берди
Белгилер:
Кыргызстан, грант, коронавирус, насыя, жардам, айыл

ЭҢ МААНИЛҮҮ