https://sputnik.kg/20210325/kyrgyzstan-ishkerler-teyloo-borborlor-achuu-1051887729.html
Үч жыл мурда айтылган. Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борборлору ачылат
Үч жыл мурда айтылган. Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борборлору ачылат
Sputnik Кыргызстан
Новиков Бишкектеги Батыш автобекетинин жана "Эльдорадонун" имараттарында ИТБ түзүү боюнча тийиштүү эсеп-кысап жана эскиздик долбоорлор даярдалгандыгын... 25.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-25T10:49+0600
2021-03-25T10:49+0600
2021-12-22T23:16+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
артем новиков
https://sputnik.kg/img/07e5/03/18/1051886253_0:162:1599:1066_1920x0_80_0_0_14b724f225f18b74826316c3a33a194a.jpg
БИШКЕК, 25-мар — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков ишкерлерди тейлөө борборун (ИТБ) ачуу маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Новиков бул иш 2020-жылдын ноябрында эле башталганын белгиледи.Ошондой эле ал Бишкектеги Батыш автобекетинин жана "Эльдорадонун" имараттарында ИТБ түзүү боюнча тийиштүү эсеп-кысап жана эскиздик долбоорлор даярдалгандыгын кошумчалады."Тез аранын ичинде оңдоо иштерин жана ИТБларды ишке киргизүүнү баштоо керек. Биз салык кызматын сервердик моделге өткөрүү ишин баштоону 2020-жылдын аягында эле убада кылган болчубуз. Салык кызматы менен ишкерлердин кызматташуу механизмдерин жөнөкөйлөтпөстөн, ишкердиктин түйшүгүн азайтуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. ИТБ дал ушул милдетти ишке ашыруунун биринчи кадамы болушу керек ", — деди Новиков.Биринчи вице-премьер тийиштүү тараптарга 1-апрелге карата Ишкерлерди тейлөө борборлорунун иштөө концепциясын бекитүү үчүн өкмөткө сунуш киргизүүнү тапшырды. Мындан сырткары, ИТБда иштей турган мамлекеттик органдардын тизмесин тактоо милдеттендирилди.ИТБларды түзүү идеясы 2018-жылы эле Экономика министрлигине ачуу сунушталган.
https://sputnik.kg/20210324/turuktuu-onuguu-maksattary-birikken-uluttar-uyumu-talap-bagyt-1051877948.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/18/1051886253_0:60:1599:1066_1920x0_80_0_0_fd72215b8c399a12074d3603d6bee0a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, артем новиков
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, артем новиков
Үч жыл мурда айтылган. Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борборлору ачылат
10:49 25.03.2021 (Жаңыртылды: 23:16 22.12.2021) Новиков Бишкектеги Батыш автобекетинин жана "Эльдорадонун" имараттарында ИТБ түзүү боюнча тийиштүү эсеп-кысап жана эскиздик долбоорлор даярдалгандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 25-мар — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков ишкерлерди тейлөө борборун (ИТБ) ачуу маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Новиков бул иш 2020-жылдын ноябрында эле башталганын белгиледи.
"Өкмөт башчысы тарабынан аталган борборлорду түзүүнү тездетүү милдети коюлду, бирок азыркы күнгө чейин бир да ИТБ ишке киргизиле элек. Бул боюнча аракеттерди жандантуу зарыл. Биз салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнүн сапатын жогорулатып, ишкерлер менен мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара алакасынын жол-жобосун жөнөкөйлөтүшүбүз керек. Бизнес үчүн берилүүчү бардык уруксат кагаздары "бирдиктүү терезе" принциби боюнча бир гана жерден берилиши кажет", — деди биринчи вице-премьер.
Ошондой эле ал Бишкектеги Батыш автобекетинин жана "Эльдорадонун" имараттарында ИТБ түзүү боюнча тийиштүү эсеп-кысап жана эскиздик долбоорлор даярдалгандыгын кошумчалады.
24 Жалган Куран 2021, 12:58
"Тез аранын ичинде оңдоо иштерин жана ИТБларды ишке киргизүүнү баштоо керек. Биз салык кызматын сервердик моделге өткөрүү ишин баштоону 2020-жылдын аягында эле убада кылган болчубуз. Салык кызматы менен ишкерлердин кызматташуу механизмдерин жөнөкөйлөтпөстөн, ишкердиктин түйшүгүн азайтуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. ИТБ дал ушул милдетти ишке ашыруунун биринчи кадамы болушу керек ", — деди Новиков.
Биринчи вице-премьер тийиштүү тараптарга 1-апрелге карата Ишкерлерди тейлөө борборлорунун иштөө концепциясын бекитүү үчүн өкмөткө сунуш киргизүүнү тапшырды. Мындан сырткары, ИТБда иштей турган мамлекеттик органдардын тизмесин тактоо милдеттендирилди.
ИТБларды түзүү идеясы 2018-жылы эле Экономика министрлигине ачуу сунушталган.