Кыргызстан акыркы эки айда мамлекеттик карызга 5,5 млрд. сом төлөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Быйылкы жылы мамлекеттик карыздын 37 миллиард 266 миллион сомун төлөө пландалган. Бул рекорддук көрсөткүч болууда.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. 2021-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан мамлекеттик карызга беш миллиард 457,8 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Киши алтын куманы кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Кыргызстандын алтын кору бир айда 5 млрд. сомго азайып кетти
Белгилеп кетсек, өткөн жылы карыздан кутулууга 30,7 миллиард сом жумшалган. Анын ичинен беш миллиард 362 миллион сому январь-февраль айларында берилген.
Быйылкы жылы мамлекеттик карыздын 37 миллиард 266 миллион сомун төлөө пландалган. Бул рекорддук көрсөткүч болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0