11:36 14 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5671
  • EUR102.8843
  • RUB1.1798
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
35301

Министр жогоруда белгиленген эки кадам жакынкы күндөрү таасир этип, бааны туруктуу кармап калса болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын ооздуктоочу эки негизги кадамды атады.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары мунайдын баасы өскөнүнө байланыштуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

"Кыргызстандын күйүүчү майга жылдык керектөөсү 1 миллион 300 миң тонна. Ал эми "Кыргыз мунай газ" ишканасынын мунай өндүрүү мүмкүнчүлүгү азыркы учурда 240 миң тонна. Анын 90 миң тоннасы экспортко чыгып жаткан. Биринчи кадам менен азыр чек араларды жаап, бүт баарын ички рынокко жумшап жатабыз. Экинчиси, "Кыргыз мунай газга" өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, 280 миң тоннага чыгаруу талабын койдук. Андан ары дагы көбөйткөнгө аракет кылабыз", — деди Турдубаев.

Министр жогоруда белгиленген эки кадам жакынкы күндөрү таасир этип, бааны туруктуу кармап калса болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
Россияга өтө кымбат мунай пайдалуу эмес. Абалга сереп
Энергетика жана өнөр жай министри: мунайдын баасы дагы 20%га өсүшү мүмкүн
Белгилер:
экспорт, чек ара, өндүрүүчү, кымбаттоо, Күйүүчү май

ЭҢ МААНИЛҮҮ