Кыргызстандын алтын кору бир айда 5 млрд. сомго азайып кетти

© AFP / GIUSEPPE CACACEКиши алтын куманы кармап турат. Архив
Киши алтын куманы кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Өткөн жылдан тарта Кыргызстандын алтын кору февралда өсүп, рекорд койгон эле. Бирок ал марттын башынан тарта төмөндөп кетти.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын алтын кору бир ай ичинде 5 миллиард 15,9 миллион сомго арзандап кетти. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына чыкты.
1-февралга карата алтындын запасы 84 миллиард 768,1 миллион сом деп бааланган, бул рекорд болчу. Ал эми марттан тарта 79 миллиард 652,2 миллион деген сумманы көрсөттү.
Санак машинасы АКШ доллары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жыл башында Кыргызстандан он миңдеген доллар сыртка которулган
Кымбат металлдар рыногунун Лондондогу ассоциациясындагы кечки фиксинги (дүйнөлүк баа) аталган мезгилге карата 129 долларга ылдыйлап, 1 734 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.
Улуттук банктын төрагасы август айында алтын валюта кору алтынды ички рыноктогу активдүү сатып алуулардын эсебинен тарыхый рекордду коюп, 3 миллиард доллардан ашкандыгын айткан эле.
Алтын валюта кору (эл аралык валюта кору) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0