Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүп жатат. Максаты кандай

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) — бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
22-28-март күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында "Өзүңө сак бол, акчага бек бол!" урааны алдында  финансылык сабаттуулукка байланыштуу ар кандай иш-чаралар өтөт.
"Өлкөдө бардык жарандарга финансылык билим алууга мүмкүндүк берүү, жаштарды акчаны туура жана сарамжал колдонуу маданиятына үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тартып өткөрүп келебиз. Бир апта ичинде Улуттук банк мамлекеттик органдар жана башка финансылык уюмдар менен биргеликте мектептер менен университеттерде финансылык сабаттуулук боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) — бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания.
Жаңылыктар түрмөгү
0