Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн 433 млн. доллар кайсы багыттарга жумшалган

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Насыянын 46 пайызы орто жана чакан бизнеске жумшалса, 31 пайыздан көбү өндүрүшкө, 23 пайызы агро-өнөр жай тармагына туура келген.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштагандан бери 433 миллион долларлык долбоорлорду жактырган. Бул тууралуу аталган фонддун сайтында жазылган.
Ага ылайык, жалпысынан 2 886 долбоор жактырылган.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун аналитикалык департаментинин эксперти Акай Сакебай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2020
Радио
Акай Сакебай: фонд берген насыянын 75%ы айыл чарбасына туура келди
Маалым болгондой, насыянын 46 пайызы орто жана чакан бизнеске жумшалса, 31 пайыздан көбү өндүрүшкө кеткен. Агро-өнөр жай тармагына 23 пайызы жумшалса, 12 пайызы туризмге, инфраструктура жана логистиканы өнүктүрүүгө туура келгени айтылды.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде түзүлгөн. Анда 500 миллион доллар өлчөмүндөгү уставдык капиталды Россия кайтарымсыз бөлүп, зарыл болсо дагы 500 миллион долларды карызга берерин убадалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0