Быйылкы жазда ЕАЭБдин алкагында маанилүү иш-чаралар өтөт

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Алдыда болчу жолугушууларга өлкө лидерлери жана өкмөт башчылардан тышкары бизнес өкүлдөрү дагы катышат.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ушул жазда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар болот. Бул тууралуу брифинг учурунда ЕЭК коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина билдирди.
Анын айтымында, 31-мартта ЕЭК кеңешинин жыйыны өткөрүлгөнү жатат. Ага биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьерлери катышып, анда төмөндөгү маселелер каралат:
  • товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоодогу бирдиктүү механизмдер;
  • ЕАЭБдин алкагында товарларга навигациалык мөөр коюу келишиминин долбоору;
  • 2025-жылга чейинки стратегияны ишке ашыруу пландары;
  • ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө сырткы электрондук соода боюнча эксперимент жүргүзүү маселелери.
30-апрель күнү Казань шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатат. Күн тартибинде төмөнкү маселелер коюлган:
  • ЕАЭБдин өндүрүш саясаты боюнча стратегиялык документтер;
  • органикалык айыл чарба азыктарын ээн-эркин ташуу боюнча жол картасы.
21-майда Нур-Султанда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Өлкө лидерлери бир катар маселелерди карайт:
  • Бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун иштеши талкууланат;
  • транс чек аралык рыноктордо атаандаштыктын абалы боюнча доклад окулат.
Ушул эле иш-чаранын алкагында Евразия экономикалык форуму өтөт, форматы такталып жатат.
25-май күнү ЕЭКтин интеграция жана экономика блогу жашыл экономиканын негиздери боюнча тегерек стол өткөрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0