Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай берет. Көрсөтүлчү жардамдын тизмеси

© Sputnik / Андрей АрхиповБуудай. Архив
Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Эки мамлекет аянты 1000 чарчы метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоону, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестиция тартууну пландап жатат.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстанга мөмө-жемиштин 10 000 көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай жана 500 тонна "Султан" сортундагы пахта үрөнүн берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстан жана Узбекистан желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Башкы кеңсеси Бишкекте болот. Өзбек-кыргыз фонду боюнча кенен маалымат берилди
Аталган документке кол коюу президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында ишке ашты.
"Жол картасында" айыл чарба продукциясын, анын ичинде картошка, үрөн ташуу, эки өлкө аймагында дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тажрыйбалоо, каттоого алуу, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында студенттерди мал чарбачылыгы багыты боюнча окутуу, ошондой эле илимий-иликтөө институттарынын базасында кызматташуу маселеси каралган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тараптар аянты 1000 чарчы метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоо, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестиция тартуу мүмкүндүгүн талкуулаган.
Мындан сырткары, Кыргызстанга күнүнө 800-1000 тонна көлөмдө минералдык жер семирткичти үзгүлтүксүз ташуу боюнча макулдашуу болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0