Казакстан Кыргызстанга тик учак жана башка техника сатууну көздөп жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүAirbus тик учагы. Архив
Airbus тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
15-март күнү Кыргызстандын вице-премьери, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жолугушту.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга кайгуул милициясы үчүн 200 автоунаа, 250 автобус жана Airbus үлгүсүндөгү жеңил тик учактарды сатып алууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.
15-март күнү Кыргызстандын вице-премьери, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жолугушту. Кармышаковдун айтымында, пандемиянын кесепетинен улам эки тараптын бир жыл ичинде товар айлантуусунун көлөмүн бир миллиард долларга чейин жеткирүү пландары ишке ашпай калган.
"Ошол эле товар айлантуунун көлөмүн жогорулатуу үчүн Султанов казак тарап милициянын 200 даана кайгуул автоунааларын, 200 автобус жана Airbus тик учактарын сатууга даяр экенин билдирди", — деп айтылат кабарда.
Маалымат кызматтан түшүндүрүшкөндөй, кеп техниканы кайтарымсыз негизде берүү тууралуу болгон жок. Бул маселе боюнча азырынча сүйлөшүү иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0