Кыргызстанда январь айында алтындын экспорту кыскарды

© Фото / Pexels / PixabayАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Азаюу баалуу металлдын көлөмүндө да, суммасында да байкалууда. Кыргызстандын алтындарынын дээрлик баары Улуу Британияга экспорттолот.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ушул жылдын январь айында былтыркыга салыштырмалуу алтын сатуу азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында белгиледи.
Ага ылайык, 2021-жылдын биринчи айында жалпы баасы 29,1 миллион доллар турган 494 килограмм баалуу металл сыртка сатылган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 618,9 килограмм (30,8 миллион долларга) алтын экспорттолгон. Алтын сатуунун көлөмү кандай себеп менен азайганы айтылган эмес.
Кыргызстандын алтынынын дээрлик баарын Улуу Британия сатып алат. Мындан сырткары, Италия гана 100 грамм алтын алган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0