Улуттук банктын резерви күнүнө 2,5 млн. долларга азайып жатат

© AFP / FRANK RUMPENHORSTАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Август айынын аягында алтын валюта резерви рекорддук чекке жетип, көлөмү 3 миллиард долларды түзгөн.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюта резерви февраль айында 74,2 миллион долларга кыскарды. Бул маалыматты Улуттук банктын сайтында жазылган сандар тастыктайт.
Аталган айда Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 38 миллион доллар саткан эле.
Январь айынын соңунда Кыргызстандын алтын валюта резерви 2 миллиард 747 миллион долларды түздү. Бир айдан кийин алар 2 миллиард 672,8 миллион долларга кыскарды.
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Улуттук банктын эсептик чени көбөйдү. Чоо-жайы
Эске салсак, былтыр август айынын соңунда алтын валюта резерви рекорддук чекке жетип, 3 миллиард 71 миллион доллар болгон. Анткен менен кайра ар күн сайын түшө баштаган.
Улуттук банктын алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) ага сомдун курсун кармап турууга жана валюта рыногундагы олку-солкулукту жайгарганга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы көлөм товарлардын импортун жана кызматтарды бир нече айга кармап турууга жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0