Күйүүчү майдан улам азык-түлүк да кымбаттайбы? КР бийлиги жана ишкерлердин пикири

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСупермаркеттеги кардар. Архив
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Март айы бензин жана дизель баасынын көтөрүлүшү менен кыргызстандыктардын көңүлүн чөгөрүп турат. Энергетика министрлиги күйүүчү-майлоочу май дагы кымбаттарын боолголоп жатат.
Sputnik Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май жагдайы товар жана тейлөө акысына да таасир этер-этпесин сураштырып көрдү.
Быйыл Кыргызстанда автомобилдик күйүүчү май кымбаттоодо. Мунай сатуучулар ушул айда баа 6-7 сомго жогорулай турганын эскертишкен. Чындап эле ай жаңырганы баа бир аз көтөрүлдү.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары бензин 7-10 сомго кымбаттап, ал эми дизель наркы литрине 5 сомго көтөрүлөрүн айткан. Так мөөнөтүн белгилеген жок, бирок баанын өсүшү бүгүн да байкалды.

Азык-түлүк баасы жогорулайт

Жашылча-жемиш ишканалар биримдигинин аткаруучу директору Диляра Алимжанованын айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын баасы даяр өндүрүмдөрдүн баасына чагылбай койбойт.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖашылча-жемиш ишканалар биримдигинин аткаруучу директору Диляра Алимжанова
Исполнительный директор Ассоциации плодоовощных предприятий Диляра Алимжанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жашылча-жемиш ишканалар биримдигинин аткаруучу директору Диляра Алимжанова
"Эсептерди жүргүзө элекпиз, бирок жакын арада өндүрүшчүлөр менен кезигебиз. Ошондон кийин гана так айта алабыз. Бирок чыгымдардын өсүшүнөн улам баары бир баа өсөт. Мунун себеби да түшүнүктүү, анткени жеткирүү, ташуу жагы да бар", — деди Алимжанова.
Ал эң оболу сырье кымбаттай турганын белгиледи. Биримдиктин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү жергиликтүү рынок үчүн иштеп, атап айтканда, шире, маринад, кыям жана салат жасап чыгарышат.
"Күнүмдүк зарыл товарлар катарына кирбесе да эл буларды көп сатып алат. Алар мурдагыдан кымбаттайт", — деп түшүндүрдү ассоциация башчысы.
Жеткирүү кызматтарынын акысы жогорулашынан улам баа да көтөрүлүшү мүмкүн экенин Кыргызстандын тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев да болжолдоп жатат.
"Энерготашуучулар, күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы азык-түлүк баасынын да өйдөлөшүнө алып келет. Азыр жеткирүү менен алектенген компаниялар тарифтерин кайра карап чыгууда, анткени бул иштин 90 пайызын күйүүчү-майлоочу май түзөт", — деп билдирди Жунушев.
Ошондой эле анын айтымында, ун жана кесме азыраак, болжол менен 10-20 тыйынга кымбаттайт, бирок күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы өсө бере турган болсо, жеткирүү акысы да бир топ көтөрүлөт.
Унаага бензин куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Бензинди сыртка ташууга тыюу салуу бааны ооздуктай алабы. Талдоо
Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков ата мекендик айыл чарба өндүрүмдөрү да кымбаттайт деп жоромолдоодо.
"Кандай гана айыл чарба өндүрүмү болбосун, күйүүчү-майлоочу май жалпы чыгымдардын 25-30 пайызын түзөт. Башкача айтканда, майдын баасы көтөрүлгөндүктөн, өндүрүм наркы да көтөрүлөт, бир нече пайызга жогорулашы ыктымал", — деп түшүндүрөт ал.
Бековдун айтымында, төмөнкү чараларды (айрымдарын кышында эле) көрүү зарыл:
  • Жазында дайыма күйүүчү-майлоочу майдын баасы өсөт, ошондуктан кийинкинин камын ойлоп, баа төмөн убакта сатып алуу керек эле;
  • Ай башында өлкөдөн күйүүчү-майлоочу майды сыртка чыгарууга тыюу салынды, бул так аткарылышы абзел;
  • Мунай сатуучуларга жеңилдиктерди, мисалы, акциздик салык төлөмдөрүн жана насыяларды төгүү мөөнөтүн узартып берип, күйүүчү-майлоочу май сатып алууга каражат тартууга жардамдашуу; мында милдеттүү түрдө ушундай жеңилдиктер менен сатып алынган майды фермерлерге сатуу шарты коюлушу кажет.

"Түз таасир этпейт"

КР Товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева башкача көз карашта.
"Күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы түз эле азык-түлүк баасынын жогорулашына кептебейт. Мунун түздөн-түз байланышы жок. Жеткирүү чыгымдары — негизги чыгым эмес. Майдын кымбатташынан жакын арада азык-түлүк кымбаттап кетпес", — деди Ускенбаева.
Дизелдин баасы өскөндүктөн жазгы айдап-себүү иштеринде фермерлер кыйналышы мүмкүн.
Шекер жана өсүмдүк майы дүкөндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Министрлик кумшекер менен майдын кымбаттаган себебин түшүндүрдү
"Ушундай кооптонуулар бар. Бирок дал азыр азык-түлүк баасынын кымбатташына алып келбейт. Бул, албетте, кандайдыр бир түрдө түшүмгө таасир этиши мүмкүн. Жалпысынан күзүндө биз азыркыдан кымбат картошка жеп калышыбыз ыктымал, бирок сөзсүз ошондой болот дей албайбыз", — деп кошумчалады ассоциация башчысы.
Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн азык-түлүктүн кымбатташы менен байланыштыруу анчалык туура эмес экенин белгиледи. Ал пандемиянын жана быйылкы түшүм көйгөйлөрүнүн айынан айрым биржалык товарлардын, маселен, кант жана өсүмдүк майдын наркы өсүп жатканын эске салууда. Бийлик рынокту мунай өндүрүмдөрү менен камсыздоо боюнча иш алып барууда, экспортко тыюу салынды, ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги күйүүчү-майлоочу майдын баасына көз салат.
"Майдын баасы негизсиз түрдө көбөйтүлсө, чектелген бааны коюу же кирешелүүлүктү орнотуу өңдүү мамлекеттик инструменттер колдонулат", — деди Иманалиев.
Sputnik Кыргызстандын басма сөз борборунда азык-түлүк баасынын өсүшү боюнча өткөн маалымат жыйында министрдин орун басары бааны ооздуктоо боюнча бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чараларды санаган.
Чек арада көзөмөлдү өтүп жаткан жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
ЕАЭБ чек арасында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды
"1-апрелге дейре тиричиликке зарыл товарларды өндүрүшчүлөр койгон баада түз алып келүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап турабыз", — деди ал.
Бул ишке ашырылса эки вариант каралат. Биринчиси — Материалдык резервдер фондуна товарларды тийиштүү көлөмдө топтоо жана рынокко болжолдуу кийлигишүү (интервенция). Экинчиси — жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу түз жабдууну камсыздоо. Ошондой эле Иманалиев азык-түлүк баасын ооздуктоо боюнча чараларды да эскертти. Жакында эле өндүрүшчүлөр, жеткирүүчүлөр жана соода түйүндөрү азык-түлүктүн төрт түрүнө, атап айтканда, кумшекер, нан, ун жана өсүмдүк майынын баасын азайтып, бекиткен макулдашууга кол коюшкан.

Транспорт тармагында эмне болот?

Оператор жана жүргүнчү ташуучулар биримдигинин президенти тейлөө акысы көтөрүлбөй турганын билдирди.
"Мында эң негизгиси — суроо-талап, кардарлар жол киренин кымбатташына даяр эмес. Бааны асмандата берсе болот, бирок анда суроо-талап жоголот. Айдоочулар аргасыз абалда калгандай... Азырынча акыны көтөрүү боюнча сөз жок. Айрым айдоочулар бул маселени көтөрүп калышат, бирок мында суроо-талап турукташтыруучу фактор болуп саналат", — деп түшүндүрдү ассоциация башчысы.
Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу май "укмуштай кымбаттап кетсе", анда кырдаал өзгөрүшү мүмкүн, анткени майга кеткен чыгымдардан сырткары, салык, амортизация жана башка бир топ бөлөк сарптоолор да бар.
Эт сатуучу базар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Кара-Сууда 500 адамга жумуш берген этти кайра иштетүүчү завод ачылат. Сүрөт
Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев коомдук транспорттогу жол кире тарифтерин тийиштүү жол-жоболорду, анын ичинде жөнгө салуучу таасир талданган соң гана көтөрүүгө болорун айтты.
"Өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары транспорттук тейлөө жаатындагы абалга көз салууну улантат. Менимче, баанын негизсиз жогорулашын жана процесстердин ортосундагы негизсиз байланыш каналдарына жол бербеш керек", — деп белгиледи Иманалиев.
Шаар мэриясы ыңгайлуу шарттагы чоң автобустарды сатып алууну пландап жатканын да тактап өттү.
"Айрым сатып алууларды пандемиядан улам, ошондой эле процедуралык маселелерден улам жылдыра турууга туура келгенинен кабардарбыз. Бишкекке тиешелүү жагдайдан кеп салсак, шаардык бийликтин эскилиги жеткен транспортту алмаштырууну пландап жатат. Менимче, бул факторлор жана тариф маселеси бири-бирине тыгыз байланышкан. Булар четинен чечилет", — деди министрдин орун басары.
Эске салсак, жыл башында баш калаада маршруткалардын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөрүүнү талап кылып, иш ташташкан. Ошондон улам мэрия маселени чечүүнүн үч вариантын иштеп чыккан эле. Жөнгө салуучу таасир Экономика жана каржы министрлигинде талданууга тийиш, андан кийин документтер Бишкек шаардык кеңешине берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0