Гонконг сап башында турат. Кыргызстандан малдын ичеги-карыны сыртка көп сатылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЭт сатуу. Архив
Эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Узаган жылы Кыргызстан малдын ичеги-карынын 2019-жылга салыштырмалуу 250 тоннага арбын экспорттогон.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстан сыртка малдын 1 284,1 тонна ичеги-карынын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган.
Жогорудагы азык баш-аягы дээрлик миллион долларга бааланган.
Мекеме "Жаныбарлардын ичеги-карыны" товардык номенклатурасы боюнча маалымат берди.
Кыргызстандан ичеги-карын алган мамлекеттер:
  • Гонконг (Кытайдын аймактык району) — 808,4 тонна;
  • Вьетнам — 413,6;
  • Түркия — 40,1;
  • Мьянма — 22.
Ал эми 2019-жылы 250 тоннага аз сатылып, жалпы суммасы 984 миң долларды түзгөн. Өткөн жылы Гонконг ичеги-карын экспорттолгон мамлекеттердин катарында жок болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0