Былтыр Кыргызстан 6 миң тонна грек жаңгагын экспорттоду. Алган өлкөлөр

© Sputnik / Виталий АньковГрек жаңгагы. Архив
Грек жаңгагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Кыргызстандын эң белгилүү экспорттук продукциясын 16 өлкө сатып алган. Арасында Араб, Европа мамлекеттери бар.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
  • Афганистан — 44 ;
  • Азербайжан — 21,4;
  • Грузия — 19,5;
  • Германия — 29,6;
  • Индия — 3,1;
  • Иран — 8;
  • Ирак — 71,3;
  • Казакстан — 24;
  • Катар — 0,4;
  • Монголия — 3,2;
  • Молдова — 0,5;
  • БАЭ — 23;
  • Россия — 5 миң 401,4;
  • Түркия — 577,6;
  • Түркмөнстан — 103,9;
  • АКШ — 5.
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0