Өкмөт мунай заттарын сыртка ташып чыгууга тыюу салуу ниетинде

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТемир жол вокзалында нефть продуктуларын цистерналары. Архив
Темир жол вокзалында нефть продуктуларын цистерналары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жылдын башынан тарта автоунаа майынын баасы өсүп келе жатат. Бул мезгил аралыгында бензин 14 сомго кымбаттап кеткен.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Киши май куюучу жайда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.
2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0