Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сом жумшайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Узаган жылдын аягында өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз болуп саналат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2021-2023-жылдары 123 миллиард 142,4 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн учурдагы жана 2022–2023-жылдарга карата болжолдуу бекитилген бюджетинде айтылат.
Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз. 2020-жылы мамлекет бересесин төлөө үчүн 31 миллиард сом жумшаган.
"Мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2021-жылы 37 миллиард 266 миллион сом, 2022-жылы 38 миллиард 863,8 миллион сом, 2023-жылы 47 миллиард 12,6 миллион сом жумшоо пландалып жатат", — деп айтылат документте.
Ал эми ички карызды жабууга төмөнкү суммалар жумшалмакчы:
  • 2021-жылы — 663,8 миллион сом;
  • 2022-жылы — 13 миллиард 718,9 миллион сом;
  • 2023-жылы — 15 миллиард 928,7 миллион сом.
Белгилей кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү жогорку чегине жеткени калды. Аны тейлөөгө кетчү чыгым да көбөйүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0