Кыргызстанга миңдеген малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылкылар. Архив
Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
КРге мал алып келе жаткандардын жанында салыктык каттоо жөнүндө маалым каты жана башка коштоочу документтери болгон эмес.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстандын аймагына 10 күндүн ичинде миңдеген малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалым каты жана башка коштоочу документтери болгон эмес.
"Тактап айтканда, 10 күндүн ичинде 847 баш ири мүйүздүү малды, 62 майда жандык, 120 жылкыны жана 36 миң 200 балапанды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн мобилдүү топко берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0