Улуттук банк: баалардын өсүшү жылдын ортосуна барып турукташат

© Sputnik / Табылды КадырбековМиң сомдук купюралар. Архив
Миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын башкы банкы ушул жылдын февраль айына карата жылдык инфляция 10,2 пайызды түзгөндүгүн белгилейт.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бул жылы өлкөдө инфляция өсүп, жылдын орто ченине карата акырындык менен туруктуу абалга келет. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
Башкы банктын маалыматына ылайык, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп, анын жыйынтыгында өлкөнүн инфляция көрсөткүчүнө да таасир эткен.
"Кыргызстанда жылдык инфляция 2021-жылдын 12-февралына карата 10,2 пайызды түзгөн", — деп билдирди Улуттук банк.
Сатып алуучу дүкөндө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Кыргызстанда бир жылда азык-түлүктүн баасы канчага кымбаттады. Статистика
Инфляция азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө, импорттолуучу товарларга болгон баалардын өсүшүнүн эсебинен калыптанган. Дагы бир себеп 2021-жылдын биринчи кварталында алкоголдук жана тамеки продукцияларына акциздик салыктын көбөйүшү түрткү болгон.
"Түптөлгөн ички жана тышкы факторлорду эске алганда, инфляциянын бир аз тездеп, жылдын орто ченине карата акырындык менен туруктуу абалга келери, жыл аягында бир калыпка түшөрү күтүлөт", — деп белгилейт Улуттук банк.
Башкы банк учурда ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0