Курулуш компанияларынын жетекчилери Марипов менен жолугуп, көйгөйүн айтышты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме учурунда
Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Премьер-министр жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү. Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде айтты.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү
Өлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү - Sputnik Кыргызстан
1/4
Өлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик
Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик - Sputnik Кыргызстан
2/4
Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде айтты
Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде айтты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде айтты
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан. Ал өз сөзүндө курулуш тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналарын айтып, ИДПдагы үлүшү 10 пайызды түзөрүн белгиледи.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан. Ал өз сөзүндө курулуш тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналарын айтып, ИДПдагы үлүшү 10 пайызды түзөрүн белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан. Ал өз сөзүндө курулуш тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналарын айтып, ИДПдагы үлүшү 10 пайызды түзөрүн белгиледи.
1/4
Өлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү
2/4
Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик
3/4
Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде айтты
4/4
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан. Ал өз сөзүндө курулуш тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналарын айтып, ИДПдагы үлүшү 10 пайызды түзөрүн белгиледи.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан. Ал өз сөзүндө курулуш тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналарын айтып, ИДПдагы үлүшү 10 пайызды түзөрүн белгиледи.
"2020-жылы пандемиядан улам экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын кыскаруусуна карабастан 900 миң чарчы метрден ашуун турак жай пайдаланууга берилген. Инвестициянын көлөмү 46 миллиард сомдон ашты. Бүгүнкү күндө биз көптөгөн жылдар бою аталган тармакта чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, ал милдеттерди комплекстүү негизде чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз үчүн курулуш тармагын өнүктүрүү маанилүү, анткени ал өлкөнүн инфраструктуралык өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет", — деди Марипов.
Премьер-министр курулуш компанияларынын жетекчилерине кайрылып, жаңы долбоорлорду курууда жана пландаштырууда жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду.
Премьер-министр Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Буйрук бергенге гана көнгөн. Марипов Монополия менен күрөшүү агенттигин сындады
Өз кезегинде курулуш бизнесинин өкүлдөрү өздөрү дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Алсак, аларга инженердик, электр энергиясы тутумдарына, муздак жана ысык суу менен камсыздоо тармактарына, канализацияга, борбордук жылытуу тутумуна кошулуу, текшерүүчү органдардын компаниялардын ички иштерине кийлигишүүсү, уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюроктратиялык тоскоолдуктар, жер маселеси, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашуулар сыяктуу маселелер кирет. Мындан тышкары, архитектура жана курулуш тармагындагы "бирдиктүү терезенин" ишиндеги бюрократиялык тоскоолдуктар байкалат. Мамлекеттик органдар менен өз ара түшүнүшүү жок, ошол эле учурда республикалык бюджеттин маанилүү бөлүгү бизнестин чегерүүлөрүнөн түзүлөрүн айтышты.
Марипов белгилегендей, көрсөтүлгөн көйгөйлөр көптөн бери курч турат.
"Аларды артыкчылыктуу принциптен чыгуу менен ырааттуу чечүү керек. Коюлган милдеттерди ыкчам чечүүнүн ордуна, тескерисинче, бизнеске тоскоолдук келтирген кайталанма органдарды кыскартуу керек. Коррупциялык механизмдер жана кандайдыр бир жактардын кызыкчылыгын сүрөө ушинтип башталат. Айрым учурда курулуш тармагынын ишкерлери оңдуу техникалык шарттарды, документтерди алуу үчүн мекеме өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышууга туура келет. Бул коррупцияга алып барат. Муну менен күрөшүү зарыл. Курулуш тармагын өнүктүрүү жолу менен баруу кажет, жаңы турак жайлар сапаттуу, кооз жана заманбап курулушу керек", — деди өкмөт башчы.
Жолугушуунун соңунда Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялап, өркүндөтүү боюнча иш алып барууну тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0