Жаңы толкун: нефтинин бешинчи суперцикли божомолдонууда

© REUTERS / BRENDAN MCDERMIDНью-Йорк фондалык биржанын трейдерлери. Архив
Нью-Йорк фондалык биржанын трейдерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Пандемиядан улам баасы кескин түшүп кеткен нефть кайра качан калыбына келери түкшүмөлдөнүп жаткан малда дүйнөдөгү ири JP Morgan Chase инвестициялык банкынын экперттери сырье рыногунда кымбаттоонун бешинчи суперцикли башталганын жар салышты.
Мындай көрүнүш акыркы 100 жылдан бери бешинчи ирет кайталанууда. Суперциклдин дүйнөлүк экономикада кандай мааниге ээ экени тууралуу макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Эптеп калыбына келип...

2020-жылы мунай тармагы бир нече жолу өйдө-төмөн болду. Мунун көп себеби бар, негизгилери — суроо-талаптын кескин түшүп кеткен маалында өндүрүштүн эселеп көбөйүшү, пандемия жана чектөөлөр. Мартта нефтинин баасы эки эседен көбүрөөк арзандады. Бирок күздүн соңунда батышта вакциналардын сыноодон ийгиликтүү өтүшү, АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы нарктын жогорулашына өбөлгө болду. Жашыл технологиялардын жактоочусу Жо Байден Дональд Трамптан айырмаланып америкалык мунайчыларды колдоодон алыс. Ошентип отуруп сегиз айдан кийин биринчи жолу баа максимумдук чекке жетти. Өндүрүштү чектөө боюнча ОПЕК+ уюмунун чечими дагы баанын андан ары жогорулашын шарттады. Натыйжада ушу күндө нефтинин бир баррели 63 доллардан сатылып жатат.
Мунайды кайра иштетүүчү комплекстин оператору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
Мындай динамика тармак акырындап калыбына келип жатканынан кабар берет. Мындан аркы өсүү биринчи кезекте жашыл экономикага өтүүгө шашылбаган Азия мамлекеттеринде суроо-талаптын жогорулашы менен шартталмакчы.
Болбосо бир ай мурун туруксуз кырдаалдан улам божомолдор да көңүл жубатарлык эмес эле. Эл аралык Fitch рейтинг агенттиги вакцинацияны эртелетүү менен гана кандайдыр бир жылыштарды күтүп жатканын жарыялаган.

Бешинчи айлампа

JP Morgan Chase ири инвестициялык банкынын экономисттери февралдын башында чийки зат рыногунда өсүүнүн жаңы суперцикли башталганын айтып чыгышты. Адистер мында айыл чарба продукциясынын, металлдын кымбатташын, баррели 50 долларга баалана баштаганын негиз келтиришти.
Акыркы 100 жылда рынокто төрт ирет суперцикл болгон. Соңкусу 1996-жылы башталып, 12 жыл жогорулоонун үстүндө болуп 2008-жылы жетер чегине жеткен. Буга көмүр суутектин активдүү колдонуучусу Кытайдын экономикалык жактан өнүгүүсү да жардам берди. Ал эми азыркы суперцикл пандемиядан кийинки калыбына келүү процесси, акча-кредиттик жана бюджеттик саясаттын өтө эле жумшактыгы, доллардын алсыздыгы, инфляциянын ылдамдашы жана экологиялык саясат менен шартталууда.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2021
Үмүт жандырчу божомол: 2021-жылы мунайдын наркы канчага чыгат?
Ошол эле учурда кырдаал 2000-жылдардагы абалды кайталап жаткандай: рыноктогу баа — көп жылдан берки максимумда. Мисалы, кытай жүгөрү менен сояны камдап алгандан кийин АКШда бул азыктын баасы асмандап кетти. Ал эми глобалдуу запастын кыскарышы дефицит кооптуулугун жаратат.
Платина менен жезге да суроо-талап күч болуп турат. RJO Futures активдерин көзөмөлдөгөн Жон Крузо платинага болгон суроо-талап сунуштан көп экенин, жездин запасы он жылдык минимумга жакындаганын белгиледи.
"Нефть ашкере сунуш кыскарып пандемиянын чеңгелинен кутулуп келе жатканын көрсөтүүдө", — деп жазат Bloomberg.

Туруктуу тренд

Уолл-Стрит пандемиядан кийин экономиканын тез арада калыбына келерине басым жасоодо, демек чийки зат рыногунда узак убакытка чейин дүркүрөп өсүү болору болжолдонууда.
Товар рыногунда баанын өсүшүн Goldman Sachs Group, Bank of America, Ospraie Management сыяктуу финансылык гиганттар да күтүп жатат. Алар деле экономиканы колдоо үчүн ири долбоорлорду жана жапырт вакцинацияны негиз келтиришүүдө.
Goldman Sachs төртүнчү кварталда нефтинин бир баррели 65 долларга чыгарын божомолдоп жатат. Бирок кышында керектөө суткасына үч миллион баррелге чейин кыскарарын кошумчалады. Бул Кытайдын суроо-талабынын айрым бөлүгүн гана жабары да айтылды.
Германиянын канслери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Кымбатка түштү: Европа Россиянын айынан миллиарддаган чыгым тарткан
Bank of America (BofA) мунай жыл жарымына чейин 60 долларга жетерин белгилеп жатат. Банктын баамында дүйнөлүк керектөөнүн жарымын камсыздаган отунга суроо-талап суткасына 1,6 миллион баррелдик таңсыктыкты жаратат. ОПЕК менен Эл аралык энергетика агенттиги да жылдын экинчи жарымында суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн кыйла жогору болорун божомолдошууда. Бул пандемия башталгандан бери ашыкча өндүрүлгөн нефтинин запасын азайтмакчы.
Citigroup жыл соңунда Brent баасы 70, ал эми WTI 68 доллардан сатыларын жоромолдоп жатат. Сауд Аравиясы башында турган өндүрүшчүлөрдүн нефть казууну кыскартышы рекорддук запастан арылууга жардам берери айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0