Былтыркы жылдын тогуз айында кыргызстандыктардын кирешеси 5%га азайды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 69,4 пайызын эл айлык катары алган.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 2020-жылдын тогуз айында калктын реалдуу акчалай кирешеси беш пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
"Былтыркы жылдын январь-сентябрында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү айына 313 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда беш пайызга төмөндөдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Калктын акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 69,4 пайызын эл маяна катары алган.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар социалдык трансферттерден, жеке көмөкчү чарбалардан жана башка булактардан киреше табышат. Бирок алардын көрсөткүчү өтө эле төмөн.
Ошол эле тогуз ай ичинде өлкөдөн 353,4 миллион доллар сыртка чыгып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0