Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКиши май куюучу жайда. Архив
Киши май куюучу жайда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Ассоциациядан баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүү жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө аракети көрүлүп жатканын айтышты.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ушул жылдын март айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
"Республиканын аймагындагы күйүүчү май, ага болгон суроо-талапты жана Россиядагы заводдордогу бааларды анализдеп көрүп, март айында кара майдын баасы орто эсеп менен 9-10 пайызга кымбатташы ыктымал деген бүтүмгө келдик", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда нефтетрейдерлер баанын мынчалык кескин кымбатташына жол бербөө боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0