Нефтинин баасы январдан тарта дагы кымбаттады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай казуучу станция. Архив
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Мунай затына болгон баанын кымбатташы февралдан тарта күчүнө киргенден берки ОПЕК+ боюнча келишимге байланыштуу.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү нефть жыл башынан бери, тагыраагы, 2020-жылдын январь айынан тарта баррелине 63 доллардан болуп кымбаттады. Бул тууралуу сатуу алакасы боюнча маалыматтардан билсе болорун РИА Новости агенттиги жазды.
Москва убактысы боюнча саат 02.09га (05.09 – Бишкек убактысы) карата түштүк деңиздин апрель фьючериндеги Brent үлгүсүндөгү аралашманын баалары 0,83 пайыз, башкача айтканда, 63,18 долларга чейин өскөн. Марттагы фючерде WTI 1,27 пайыз 60,47 долларга чыккан.
Цены на уголь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Көмүрдүн баасы жогоруладыбы? Расмий жооп
Нефтиге болгон баанын кымбатташы февралдан тарта күчүнө киргенден берки ОПЕК+ боюнча келишимге байланыштуу. Бир катар мамлекеттер нефть өндүрүүнү кошумча кыскартары белгилүү болгон. Ал суткасына 1,425 миллион баррелди түзгөнүн, мунун миллиону Сауд Аравиясына туура келери айтылды.
Мындан сырткары, дүйнөлүк экономиканын алсыроосу боюнча кооптонуулар азаюуда. Бул коронавирустун жугуу темпинин төмөндөшү жана вакцинациянын башталышына байланыштуу болгону айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0