18:21 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
242 0 0

Премьер өкмөттүн ишин пландаштырууда негизги призма катары бюджеттик каражатты өз учурунда жана рационалдуу пайдалануу болушу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жаңы курамынан коюлган милдеттерди бекитилген мөөнөттөргө ылайык, так аткарууну жана инвестиция боюнча олуттуу иш алып барууну талап кылды. Бул туурасында ал 2020-жыл үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешмеде айткан.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу алкагында былтыр пландалган иштер 83 пайызга аткарылган.

"Белгиленгендей, 2020-жылы мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу алкагында план боюнча 18,6 млрд. сом каралса, анын 15,7 млрд. сом өлчөмүндөгү каражаты өздөштүрүлгөн. Бул иш 83 пайыз аткарылган дегенди түшүндүрөт. Мында өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү алгач бекитилген планга салыштырмалуу болгону 67 пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ал, мындан сырткары, өкмөттүн ишин пландаштырууда негизги призма катары бюджеттик каражатты өз учурунда жана рационалдуу пайдалануу болушу керектигин да белгилеген.

Премьер-министр тармактык органдар инвестиция багытындагы ишти күчтөндүрүүсү керектигин, ал эми мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жеке жоопкерчилик тартарын айткан.

"Өкмөттүн жаңы курамынан коюлган милдеттерди бекитилген мөөнөттөргө ылайык, так аткарылышын талап кылам. Ар бирибиз жеке каражаттын чектелгендигине байланыштуу, инвестициялар экономиканы, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүүдө чоң роль ойной тургандыгын мыкты түшүнүүбүз керек. Мамлекеттик инвестициялар программасы – республикалык бюджеттин чыгымынын 1/5 бөлүгүн түзөт жана ал экономиканы өнүктүрүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет", — деген өкмөт башчы.

Премьер Экономика жана финансы министрлигин мамлекеттик инвестициялар долбоорун сапаттуу мониторингдөөгө жана координациялоого чакырган. Долбоордун дизайнын алгачкы баскычта сапаттуу иштеп чыгуу аны келечекте ишке ашырууда олуттуу мааниге ээ болорун да белгилеген. Буга байланыштуу Марипов жаңы долбоорлорду социалдык-экономикалык натыйжалуулукка басым жасоо менен тыкыр даярдоону тапшырган.

Тема боюнча

Өкмөт коронавирустун толкунуна кандай даярдык көрүүдө? Кеңешмедеги пландар
Белгилер:
Кыргызстан, Улукбек Марипов, өкмөт, инвестициялар, бюджет, талап, тапшырма

ЭҢ МААНИЛҮҮ