Депозитти кайсы валютада ачса кирешелүү болот? КР банктарынын маалыматы

© AP Photo / MICHAEL PROBSTЕвро жана доллар купюралары. Архив
Евро жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын банктары депозитти биз көнүп калгандай сом, доллар же евро менен эмес, рубль, тенге, атургай юань түрүндө дагы кабыл алат. Sputnik чет элдик акчаны аманат катары кармоо канчалык коопсуз экенин билип көрдү.
Кыргызстанда депозитти валютанын бир нече түрүндө сактаса болот. Алардын арасынан эң пайдалуусу — рубль.

Кайсы валютада акча сактаса болот?

КР Улуттук банкы ушул жылдын 27-январына карата депозиттик база боюнча маалымат берди. Ага ылайык, аманаттардын жалпы суммасы 177,5 миллиард сомду түзөт.
Ар кайсы валютадагы аманаттарды сомго айландырганда:
  • сом менен — 98,9 миллиард (55,7 пайыз);
  • доллар менен — 69,2 миллиард (39 пайыз);
  • евро менен — 5,5 миллиард (3,1 пайыз);
  • рубль менен — 3,1 миллиард (1,7 пайыз);
  • тенге менен — 170 миллион (0,1 пайыз);
  • башка валютада — 712 миллион.
Белгилей кетсек, депозиттик базага аманат катары салынган каражаттардан тышкары, эсептерде сакталып турган жана банкка белгисиз мөөнөткө коюлган акчалар дагы кирет.

КР банктарындагы пайыздык ставкалар

Биз жеке тараптарга карата ставкаларды карап чыктык. Айта кетчү жагдай, депозиттердин мөөнөтү ар кандай (1 айдан 10 жылга чейин). Бирок бул материалда эң популярдуу болуп эсептелген үч айдан үч жылга чейинки аралык алынды.
Ставкалар:
  • сом — 13 пайызга чейин (дээрлик бардык банктардан ачууга болот);
  • рубль — 9,5 пайызга чейин (15 банкта ачууга болот);
  • тенге — 8,5 пайызга чейин (эки банкта ачууга болот);
  • доллар — 5 пайызга чейин (дээрлик бардык банктардан ачууга болот);
  • юань — 4,5 пайызга чейин (бир банкта ачууга болот);
  • евро — 3 пайызга чейин (жети банкта ачууга болот).
Шарт боюнча эң төмөнкү пайыздар каалаган учурда чыгарып алууга мүмкүн болгон депозиттерге коюлган. Ал эми эң жогоркуларды атайын депозиттерден (пенсионер, балдар жана аялдар үчүн) таба аласыз.
Эсепке турак жай-сактык (3-4 пайыз) жана мөөнөтсүз депозиттер (аларга пайыз чегерилбейт) алынган жок.

Кыргызстанда рубль сактоо Россиядагыдан дагы пайдалуу

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2021
Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп

Россиянын банк секторун иликтеп көрсөк, ал жакка салыштырмалуу рублди Кыргызстанда сактоо пайдалуу экени аныкталды.

РФтин борбордук банкы 10 кредиттик уюмдун рублдик депозит боюнча пайыздык чендерин маалымдаган.
"Россия банкынан" билдиргендей, 2019-жылдын март айынан бери быйылкы жылдын январь айынын экинчи декадасына чейин депозиттик ставкалар 7,7 пайыздан 4,5 пайызга чейин түшкөн.
Россиядагы эң ири үч банктын пайыздык чендери төмөнкүдөй:
  • "Сбербанк" — 3,97 пайызга чейин;
  • ВТБ — 5,5 пайызга чейин;
  • "Газпромбанк" — 6,5 пайызга чейин.

Чет элдик валюталарга кепилдик берилгенби?

Улуттук банктан билдиришкендей, кепилдик боюнча акча төлөтүп алуучу жагдай түзүлүп калса, жаран 200 миң сомго чейинки акчасын кайтарып алат. Мунун ичинде пайыздык чендер дагы камтылат.
"Кайсы чет элдик валютада сакталбасын, кепилдик жагдайы түзүлүп калса 200 миң сомго чейинки акча кайтарып берилет. Бирок улуттук валюта түрүндө жана 200 миң сомдон ашпаган суммада", — деп түшүндүрүштү Улуттук банктан.
Эске салсак, Кыргызстан 23 банк депозитти коргоо системасына киргизилген. Бул тууралуу башка макаладан окуп алсаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0