Январь айында Улуттук банктын резерви 61 миллион долларга азайган

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Август айынын соңунда өлкөнүн алтын валюталык резерви 3 миллиард 71 миллион долларды түзүп, рекорддук көрсөткүч катталган. Кийин ал ай сайын азайган.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюталык резерви январь айында 61 миллион долларга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн 28-январда 45,7 миллион доллар саткан.
Декабрдын аягында алтын валюта резерви 2 миллиард 808,1 миллион долларды түзгөн. Ал эми январь айынын этегинде бул көлөм 2 миллиард 747 миллионго чейин азайган.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Банкка салынган акчаны кантип көбөйтсө болот? Кыргызстандагы депозит тууралуу
Белгилей кетсек, августтун аягында өлкөнүн алтын валюталык резерви 3 миллиард 71 миллион долларды түзүп, рекорддук көрсөткүч катталган. Кийин ал ай сайын азайган.
Улуттук банктын алтын валюталык запасы (эл аралык валюталык резерви) курстун наркын кармоого жана валюта рыногун жөнгө салууга шарт түзөт. Учурдагы көлөм бир нече айга товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоого жетиштүү болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0