Пандемия мигранттардын акча которуусуна канчалык таасир этти. Салыштыруу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Өткөн жылдын алгачкы беш айында эмгек мигранттарынын акча которуулары 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 235 миллион долларга азайган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек мигранттары былтыр 2 миллиард 377 миллион 160 миң доллар акча жөнөткөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
2019-жылы өлкөгө 2 миллиард 406 миллион 850 миң доллар которулган.
Эске салсак, өткөн жылдын башында которуулардын көлөмү кыскарып, июнь айынан тарта 2019-жылга салыштырмалуу өскөн.
2020-жылдын ар бир айы боюнча маалыматтар (кашаанын ичинде 2019-жылга салыштырмалуу айырма көрсөтүлгөн):
  • январь — 148,5 миллион доллар (16,7 миллионго аз);
  • февраль — 161,1 миллион (14,3 миллионго аз);
  • март — 144 миллион (51,8 миллионго аз);
  • апрель — 76,3 миллион (123,8 миллионго аз);
  • май — 165,3 миллион (29 миллионго аз);
  • июнь — 277,9 миллион (86,3 миллион);
  • июль — 249,7 миллион (25 миллионго көп);
  • август — 238,7 миллион (19,4 миллионго көп);
  • сентябрь — 267,2 миллион (57,3 миллионго көп);
  • октябрь — 226,2 миллион (5,8 миллионго көп);
  • ноябрь — 201,1 миллион (9,9 миллионго көп);
  • декабрь — 217 миллион (2,1 миллионго көп).
Чет жактан которулган акча Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү. Алар республиканын ички дүң өндүрүмүнүн болжол менен үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0