Мамлекеттик ипотека жакында түшөт, бирок элдин баарына тиешелүү эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Мамлекеттик компаниядан ипотекалык насыя боюнча жылдык чен 2016-жылдан бери алтынчы ирет түшкөндүгүн айтышты.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик ипотека 15-февралдан тарта бир пайызга түшөрүн Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Тиешелүү чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Үй-бүлө жаңы курулган үйдүн батирин карап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Ипотеканы мөөнөтүнөн эрте кайтаруу: артыкчылыгы, кыйынчылыгы жана кеңештер
Компаниядан бир пайыздык төмөндөтүү 2019-жылдын 1-ноябрына чейин "Жеңилдик менен берилген ипотеканын" (бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерине) алкагында болорун кабарлашты. Тагыраагы, жылдык чен 7-9 пайыздан 6-8 пайызга арзандайт. Ал каражат алган кишинин баштапкы берген суммасына жараша болот.
Компаниядан ипотекалык биринчи насыялар жылына 12-14 пайыз менен берилгендигин айтышты. Ал 2016-жылдан бери беш ирет түшкөн.
Пайыздык төлөмдөрдү арзандатуу Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү экендигин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0