Күн сайын 1 млн. доллардан кошулуп турган. Мамлекеттик карыздын былтыркы өсүшү

CC0 / Pixabay / Andreas LischkaДоллар купюралар. Архив
Доллар купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Былтыр мамлекеттин бересеси өсүп отуруп, май айында биринчи жолу 4,7 миллиард доллардан ашкан. Июль айында бул көрсөткүч 4,8 миллиардга жеткен.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 350 миллион долларга өстү.
Эске салсак, мамлекеттик карыз тышкы жана ички (баалуу кагаздарды чыгаруу) береседен куралат. Былтыр ал өсүп отуруп, май айында биринчи жолу 4,7 миллиард доллардан ашкан. Июль айында бул көрсөткүч 4,8 миллиардга жеткен.
Өткөн жылдын акырындагы маалымат (кашаанын ичинде салыштыруу үчүн 2019-жылдын 31-декабрына карата маалымат берилди):
  • жалпы мамлекеттик карыз — 4 миллиард 928 миллион 67 миң доллар (346 миллион 940 миңге өстү);
  • тышкы карыз — 4 миллиард 850 миллион 730 миң (369,9 миллионго өстү);
  • ички карыз — 708 миллион 360 миң (28,2 миллионго төмөндөдү).
Белгилей кетсек, ички карыз доллардын курсунун өсүшү менен гана төмөндөдү. Эгер сом менен эсептей турган болсок, ички карыз 7,2 миллиард сомго жогорулап, 58,5 миллиардды түздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0