Ирак, Түркмөнстан, БАЭ... 2020-жылы КРден сарымсак сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү сарымсак. Архив
Дүкөндөгү сарымсак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Мурдагы жылдын ушул мезгилинде 1,3 миң тонна сарымсак экспорттолуп, 840 миң доллар киреше алып келген.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын 11 ай ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн сарымсактын  1 миң 79,4 тоннасы сыртка сатылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Анын жалпы баасы 460 миң доллар деп бааланды. Төмөндө Кыргызстандан сарымсак сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси:
  • Россия — 696,8 тонна;
  • Ирак — 119,8 тонна;
  • Бириккен Араб Эмирлиги — 141,6 тонна;
  • Түркмөнстан — 92,5 тонна;
  • Өзбекстан — 23,9 тонна;
  • Казакстан — 4,8 тонна.
Мурдагы жылдын ушул мезгилинде 1,3 миң тонна сарымсак экспорттолуп, 840 миң доллар киреше алып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0