Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКиши унаасына май куюп жатат. Архив
Киши унаасына май куюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүнү жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2,5-3,5 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, бул Россиянын мунайзат рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жатканы менен байланыштуу. Бензин орто эсеп менен тоннасына 91,6 долларга, дизель тоннасына 25 долларга кымбаттаган. Ошондой эле ассоциация былтыр февралда Кыргызстанда доллар 69,84 сом болсо, азыр 85 сомго чейин жеткенин эске салды.
Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүгө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады. Январь айында өлкөгө чет жактан 52,4 миң тонна бензин, 67,6 миң тонна дизель алып келинген.
Май аз ичкен унаа баасы 2020-жылдын декабрынан бери кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Кыргызстанда майды аз ичкен автоунаалардын наркы кандай өзгөрдү? Инфографика
Нефтетрейдерлер GlobalPetrolPrices.com сайтынын рейтингинде Кыргызстан бензиндин наркы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турарын кабарлады. Ал эми импорттоочу өлкөлөрдүн ичинен эң арзан бензин деп табылган. Башка алдыңкы 20 өлкө мунайды өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Алар Венесуэла, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Иран, Казакстан, Нигерия жана башкалар.
Ал эми дүйнө жүзүндө бир литр бензиндин орточо баасы 1,06 долларды түзөт, Кыргызстанда учурда 0,455 доллар.
Жаңылыктар түрмөгү
0