Былтыртан берки ири сумма. Инаугурация күнү Улуттук банк 45,7 млн. доллар сатты

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы ирет ири суммадагы интервенция өткөн жылы 10-мартта АКШ валютасы кескин кымбаттаганда жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 28-январда сомдун кунун кармап туруу үчүн 45,7 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы каржы көзөмөл органынын сайтында маалымдалат.
Бул — 2021-жылдагы биринчи интервенция. Белгилей кетсек, 28-январь күнү президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өткөн.
Соңку маалыматтарга ылайык, 29-январда акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда доллар 84,9 доллардан сатылды. Эске салсак, 2020-жылдын башында доллар 70 сомго дагы жетчү эмес, жазында кескин түрдө кымбаттап 85 сомго чейин жетти.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтын валюта кору күн сайын 2 млн. долларга азаюуда
Узаган жылдын декабрында үч ирет интервенция жасалган. 1-декабрда 5 милллион 50 миң доллар, 7-декабрда 10,3 миллион, 10-декабрда 21 миллион 150 миң доллар.
28-январдагыдай ири суммада акыркы ирет өткөн жылы 10-мартта (Америка валютасы кескин түрдө жогорулаганда 49,7 миллион доллар сатылган) жүргүзүлгөн.
Былтыр жалпысынан Улуттук банк сомдун кунун качырбоо үчүн 518,5 миллион доллар саткан.
Улуттук банктын алтын валюталык запасы (эл аралык валюталык резерви) курстун наркын кармоого жана валюта рыногун жөнгө салууга шарт түзөт. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард долларды түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0