Быйыл КР тышкы карызын доллар, юань, вон менен төлөйт. Валюталар тизмеси

© REUTERS / Jason LeeАр кайсы өлкөлөрдүн купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Ар кайсы өлкөлөрдүн купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө 21 миллиард 602,2 миллион сом сарптоону пландап жатат.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын 2021-жылга карата бекитилген бюджетиндеги маалыматтарга караганда, өлкө тышкы карызын чет элдик валюталардын алты түрү менен төлөйт.
Алар:
  • доллар — 78,3 пайызы;
  • Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражаты — 11,7;
  • евро — 5,3;
  • йена — 5,1;
  • юань — 0,6;
  • Түштүк Корея вону — 0,4.
Муну менен катар тышкы карызды төлөөгө 21 миллиард 602,2 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Алар төмөнкүдөй жол менен бөлүштүрүлөт.
  • негизги сумма боюнча төлөмдөр — 16 миллиард 231 миллион;
  • пайыздык төлөмдөр — 5 миллиард 254,7 миллион;
  • башка — 116,5 миллион.
Эске салсак, мамлекеттик карыз боюнча расмий маалымат былтыркы жылдын ноябрь айында берилген. Ага караганда, мамлекеттин 4,9 миллиард доллар карызы бар. Анын ичинен 4,2 миллиарды тышкы карыз болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0