14:25 03 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
5810

2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын Улуттук банкы алтындан коллекциялык монеталарды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жалпы 6 миң монета чыгаруу мерчемделип жатат. Анын жарымы баалуу металлдан жасалары айтылды.

"2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу каралууда", — деп айтылат маалыматта.

100 сом алтын монетасы 999-пробадагы металлдан жасалса, 10 сом номиналындагы күмүш монеталар 925-пробадагы металлдан даярдалат.

Быйыл КМШнын 30 жылдыгына карата миң күмүш монета чыгаруу да пландалып жатканы айтылды.

Улуттук банк 1 сом номиналында "Жашоо үчүн рахмат!" деп аталган жез-никель монетасынан үч миңди чыгарууну да ойлоп жатканын кабарлаган.

Банктын маалымат кызматы билдиргендей, улуттук валюта киргизилгенден бери алтын монетанын төрт түрү чыккан. Алар:

  • "Манас" — "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы чыккан;
  • "Ош" — Оштун 3000 жылдыгына карата 2000-жылы чыккан;
  • "Курманжан Даткага 200 жыл" — жүгүртүүгө 2012-жылы чыккан;
  • "Ак илбирс" — жүгүртүүгө 2015-жылы чыккан.

Тема боюнча

Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат
Белгилер:
эгемендүүлүк, коллекция, монета, Улуттук банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ