Депутаттар чет элдиктер үчүн Ысык-Көлдө казино ачууну сунуштап жатат

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүКазино. Архив
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда казинолордун ишине уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер депутаттар Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков болгон. Алар долбоор өлкө экономикасына салым кошуу, туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкканын жазышкан.
2012-жылдын 1-январында Кыргызстанда кумар оюндарынын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө киргенин белгилеп өтүшкөн.
"Кумар оюндарынын катышуучусу чет мамлекеттин жараны болуп саналат", — деп белгиленген долбоордун негиздемесинде.
Вице-премьерлик кызматка талапкер болуп жаткан Санжар Муканбетов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Муканбетов: казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет
Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.
Казино "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен курулушу болжолдонгон.
Мыйзам долбоору менен кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0