Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

МИК: эми ипотека алуу үчүн документтерди жарым саатта тапшырса болот

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элмира Абжапарованын айтымында, мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовМамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова
Председатель правления ГИК Элмира Абжапарова - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0