Кыргызстандын алтын валюта кору күн сайын 2 млн. долларга азаюуда

© REUTERS / Mariya GordeyevaАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айынын аягында алтын валюта резерви үч миллиард доллардан ашып, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Мындан улам Улуттук банк сомдун курсун колдоо үчүн каражатты кенен колдонгон.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюталык резерви төртүнчү ай удаасы менен кыскарып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, алтын валюталык резерв август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип, анан төмөндөй баштаган:
  • август — 3 миллиард 71,2 миллион доллар;
  • сентябрь — 2 миллиард 994,6 миллион;
  • октябрь — 2 миллиард 944,2 миллион;
  • ноябрь — 2 миллиард  817 миллион 160 миң;
  • декабрь — 2 миллиард 808 миллион 110 миң.
Фуры с российскими номерами скопились на белорусско-литовской границе - Sputnik Кыргызстан
Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды
Август айынан декабрга чейин (112 күн) кордун көлөмү 263 миллион долларга (суткасына эки миллиондон ашык) кыскарган.
Белгилеп кетсек, бул мезгил аралыгында Улуттук банк 246,3 миллион, анын ичинде декабрда 21 миллиондон ашык доллар саткан.
Ушул эле убакытта дүйнөлүк рынокто алтындын унциясы 96 долларга төмөндөгөн. Бул баалуу металл Кыргызстандын резервинин олуттуу бөлүгүн түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0