Топ-20. Былтыр Кыргызстанда эң көп кымбаттаган азыктардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд на центральном рынке села Сокулук Чуйской области
Рейд на центральном рынке села Сокулук Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Сап башында сарымсак, өсүмдүк майы, картошка сыяктуу азыктар турат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.
Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.
Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.
Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.
Аял супермаркетте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүү 10%га кымбаттады
Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.
Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.
Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.
Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.
Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.
Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.
Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.
Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0