Азыр Кыргызстанда инвестициялык климат кандай экени айтылды

Жазылуу
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги октябрь окуялары Кыргызстандын экономикасындагы балансты бузуп койгонун белгиледи.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өлкөдө инвестициялык климат акырындык менен жакшырып келе жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы Илимбек Абдиев билдирди. 
© Sputnik / Табылды КадырбековИнвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда
Завотделом развития инвестиционного потенциала АПЗИ КР Илимбек Абдиев - Sputnik Кыргызстан
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда
Журналисттер өлкөдөгү инвестицияга байланыштуу жагдай кандай экенине кызыкты. Суроого жооп берип жатып Абдиев алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр жаңы президенттин шайланышы менен куттуктаганы жакшы жышаан экенин айтты.
"Демек, инвестициялык жана саясий абал калыбына келди. Октябрь окуялары чындап эле экономикалык балансты бузган. Мындай кырдаал өлкөдөгү саясий абалга гана эмес, өндүрүш процессин дагы үзгүлтүккө учуратат эмеспи. Кайталанышын каалабайт элек", — деди Абдиев.
Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте митингге чыгышкан. 6-октябрга караган түнү Ак үйдү басып алып, бир нече күндөн кийин президент менен өкмөт отставкага кетүүгө аргасыз болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0