Былтыр өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүү 10%га кымбаттады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАял супермаркетте. Архив
Аял супермаркетте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы жылдын акыркы айларында кымбаттап кетти. Өзгөчө өсүмдүк майы, кумшекер жана картошканын наркы көтөрүлдү.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өлкө боюнча 2020-жылы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр 9,7 пайызга кымбаттаганын билдирди.
Кымбаттоолор:
  • азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар — 17,6 пайыз;
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки — 6,7 пайыз;
  • калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 3 пайыз;
  • азык-түлүк эмес товарлар — 2,4 пайыз.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдын январь-декабрь айларында экспорттун көлөмү 1,7 пайызга көбөйсө, ал эми импорт, тескерисинче, 27,3 пайызга кыскарган.
Эске салсак, Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Ал эми өкмөт баанын өсүшүн токтотууга алы жетпей жаткандыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0