00:16 17 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
10710

Өкмөттөн Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайлары бар башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу, андыктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке аша турган долбоорлорго басым жасоо керек. Мындай пикирин өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министрдин милдетин аркаруучу Артем Новиков билдирди.

  • Исполняющий обязанности премьер-министра, первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков провел совещание по развитию сферы туризма
    Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу, андыктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке аша турган долбоорлорго басым жасоо керек
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Исполняющий обязанности премьер-министра, первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков провел совещание по развитию сферы туризма
    Ал ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайлары бар башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүү керектигин белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Министр культуры, информации и туризма КР Нуржигит Кадырбеков на совещании по развитию сферы туризма
    Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков 2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы иштелип чыкканын айтты.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу, андыктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке аша турган долбоорлорго басым жасоо керек

Ал ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайлары бар башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков 2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы иштелип чыкканын айтты.

Бирок Новиков жылдан-жылга пландар жазылганы менен ишке ашырылбай келгенин айтып нааразы болду.

"Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу. Жылына 10 миллион сом киреше алып келген "Витязь" пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген соң чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, башкалар менен катар тийиштүү механизмдерди жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү керек", — деди ал.

Жыйынтыгында министрликке 1-февралга чейин туристтик потенциалды, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин менчигиндеги объектилерин башкаруу боюнча документтерди даярдоо жана өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылды.

Тема боюнча

New York Times КРди 2021-жылы саякаттоого сунушталган өлкөлөрдүн катарына кошту
Белгилер:
туризм, Артем Новиков, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ